Чүйдө 1,6 миң киши эмдөөдөн өттү
Саламатыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Чүй облусу боюнча координатору Бактыгүл Мамытова билдирүүсү боюнча, Чүй облусунда бүгүнкү күнгө 1,6 миңге чукул киши коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.
Эмдөөнү биринчилерден болуп медицина кызматкерлери алып жатат. Андан сырткары мугалимдер, милиция жана мамлекеттик кызматкерлери, өз каалоосу менен келген тургундар дагы эмдөөдөн өтүшүүдө.
Бактыгүл Мамытованын айтымында, Чүй облусунда эмдөөдөн өткөндөрдүн саны боюнча боюнча биринчи орунда Аламүдүн району — 311 киши ,Кийинки орунда Панфилов району – 290, Москва району- 255, Ысык-Ата району- 232, Чүй району-212, Сокулук району -149, Жайыл району -148, Кемин району- 100, Токмок шаарынан — 75 киши гана коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.