Чүйдө 663 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

2-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 10

Чүй облусунун Аламүдүн районунда мыйзамсыз менчикке сатылып кеткен 0,75 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Чүй облусунун прокуратурасы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2011-жылы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Орто-Сай айылындагы калктуу конуш категориясына кирген жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүп жиберген.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде баасы 663 млн 862 миң 500 сомду түзгөн жер тилке мамлекеттин менчигине кайтарылды.

2-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 10
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X