Чүйдө күнүнө 25 миң литр сүт өндүрө турган ферма курулууда
Чүй облусунда суткасына 25 миң литрге чейин сүт өндүрө турган заманбап ферма курулууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, «Таштан» дыйкан-фермерлик чарбасы DeLaval компаниясынын технологиялары менен жабдылып, өндүрүш процесси дээрлик толугу менен автоматташтырылат. Фермада бир учурда 28 уйду саап алууга мүмкүнчүлүк бар.
Долбоордун алкагында Голштин породасындагы уйдан 336 баш алып келүү пландалууда.