«Чакан ГЭС» күз-кыш мезгилине даярдык иштерин күчөтүүдө

16-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 82

«Чакан ГЭС» ААК келе жаткан күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында энергетикалык жабдууларды оңдоо жана техникалык тейлөө иштерин жүргүзүүдө.

Учурда ишкананын адистери Лебединовка ГЭСиндеги «ГЭС-5» 35 кВ аба электр чубалгысынын уячасынын жабдууларына кезектеги оңдоо иштерин аткарып жатат.

Оңдоо иштеринин жүрүшүндө байланыш түйүндөрү тазаланып, жабдуулардын элементтери текшерилип жана бекемделүүдө. Ошондой эле ток трансформаторлорунда электрдик өлчөөлөр жүргүзүлүп, жабдуулардын техникалык абалы диагностикаланууда.

Адистердин айтымында, мындай иштер мүмкүн болгон мүчүлүштүктөрдү алдын ала аныктоого жана энергообъектилердин ишенимдүү иштөөсүн камсыздоого багытталган.

«Чакан ГЭС» ААКнын маалыматына ылайык, күз-кыш мезгилине даярдык иштери бекитилген график боюнча улантылууда. Негизги максат — жогорку жүктөм учурунда гидроэлектр станцияларынын туруктуу жана коопсуз иштөөсүн камсыз кылуу.

16-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 82
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X