Чакан ГЭСтер колдоого алынат
КР Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев чакан ГЭСтерди курууда инвесторлорду кызыктыруу үчүн мыйзамдар жөнгө келтириле турганын билдирди.
«Учурда «Энергияны кайра жаратуу булактары жөнүндө» мыйзам иштеп жатат. Анда чакан ГЭСтер иштеп чыккан электр энергияны мамлекет 10 жыл милдеттүү түрдө сатып алат. Ошондой эле колдонуучулар сатып ала турган баадан кыйла жогору нарк коюлган. Учурда сатып алуу убактысын 15 жылга чейин узартуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралып, президенттин кароосуна жөнөтүлдү. Мамлекет башчы кол койсо бул норма күчүнө кирет. Бул ички жана тышкы инвесторлордун кызыгуусун арттырат , — деди Айталиев.