Чаткал районундагы Сумсар жана Шекафтар айылдарында селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

12-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 241

2026-жылдын 11-июнунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Чаткал районунун Сумсар жана Шекафтар айылдарында катуу сел жүрүп, бир катар инфраструктуралык объектилер жабыркады.

Маалыматка ылайык, селден улам унаа жолдору бузулуп, айылдарды байланыштырган көпүрөлөр жарактан чыккан. Ошондой эле электр мамычалары кулап, аймакта электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учураган. Мындан тышкары, айрым турак үйлөр менен короо-жайларга зыян келтирилген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 3 турак үйдүн жер төлөсү жана 1 турак үйдүн короосу тазаланып, Сумсар–Шекафтар унаа жолу бир тараптуу ачылганы маалым болду.

Бирок жергиликтүү тургундар үчүн негизги көйгөйлөр дагы эле толук чечиле элек. Айыл эли көпүрөлөрдү, ички жолдорду жана электр тармактарын мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө калыбына келтирүүнү суранышууда. Электр энергиясынын жоктугу жана жолдордун бузулушу күнүмдүк жашоого жана коопсуздукка олуттуу тоскоолдук жаратууда.

Ошондой эле селден келтирилген чыгымдарды атайын комиссия тарабынан ыкчам эсептеп чыгып, жабыркаган жарандарга тиешелүү жардам көрсөтүү зарылдыгы айтылууда. Тургундар чыгымдарды каттоо жана жардам алуу боюнча кайсы мекемеге кайрылуу керектиги тууралуу так маалымат берилип, ыкчам байланыш номерлери коомчулукка жарыяланышын күтүшүүдө.

Жергиликтүү тургундар табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин тездетүү зарыл экенин белгилешүүдө.

12-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 241
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X