Чаткалда 90 жылдык маараке улуттук өнөр менен коштолду
Чаткал районунун 90 жылдык мааракесине арналган төкмө акындардын республикалык айтышы жана жаш манасчылардын кароо-сынагы жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Иш-чара Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы, Кыргыз улуттук “Манас” театры жана “Айтыш” коомдук фонду тарабынан уюштурулуп, кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, төкмөлүк жана манасчылык өнөрүн жайылтууга багытталды.
Сынакка өлкөнүн ар аймактарынан келген төкмө акындар жана жаш манасчылар катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Чыгармачылык таймаштын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталды.

Төкмө акындардын республикалык айтышы боюнча:
- Баш байге — Элмирбек Иманалиев;
- I орун — Турат Жумаев;
- II орун — Темирбек Матыбаев;
- III орун — Асылбек Маратов.
Жаш манасчылардын кароо-сынагы боюнча:
- I орун — Төлөбек Муса уулу;
- II орун — Нурбек Калыбек уулу;
- III орун — Күлчоро Жумалиев.

Аталган иш-чара кыргыздын руханий мурасын даңазалап, жаш муундар арасында улуттук өнөрдү өнүктүрүүгө маанилүү салым кошту.