Чаткалдагы Ыдырыс-Ата зыярат жайы жаңыланат
Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы тарыхый-маданий мааниге ээ Ыдырыс-Ата зыярат жайын өнүктүрүү боюнча жаңы долбоор иштелип чыкты.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чаткал райондук башкармалыгы тарабынан Жаңы-Базар айылында жайгашкан Ыдырыс-Ата тарыхый күмбөзүнүн аймагын өнүктүрүүгө багытталган эскиздик долбоор даярдалды.
Долбоордун негизги максаты — тарыхый-маданий мурасты сактоо менен зыяратчылар жана туристтер үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү.
Долбоорго ылайык, жалпы аянты 1 гектарды түзгөн тарыхый объекттин аймагы иретке келтирилип, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле зыяратчыларга керектүү инфраструктураны жакшыртуу каралган.
Бул демилге Ыдырыс-Ата зыярат жайынын туристтик мүмкүнчүлүгүн жогорулатып, Чаткал районунда тарыхый жана маданий туризмдин өнүгүшүнө жаңы дем берет.
Учурда Ыдырыс-Ата тарыхый күмбөзүнүн эскиздик долбоору белгиленген тартипте тиешелүү органдар тарабынан каралып, макулдашуу жол-жоболорунан өтүп жатат.
Тарых сакталат, аймак жаңыланат — Ыдырыс-Ата зыярат жайы туристтерди кабыл алууга жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болот.