«Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбор курулат
Бишкек шаарында мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна заманбап маданий борбор куруу боюнча иштер башталды. Бишкек шаардык мэриясы учурда объектти демонтаждоо иштери жүрүп жатканын билдирди.
Мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы объекттин айланасын тосмолоп, эски имаратты бузуу иштерин баштады.
«Фрунзе шаарынын энциклопедиясында» маалымдалгандай, «Чатыр-Көл» кинотеатры 1967-жылы Ботаникалык конушунда, ошол кездеги Душанбинская (азыркы Токтоналиев) көчөсүндө ачылган. Ал 600 орундуу көрүү залы менен жаңы кварталдардын жашоочуларына кызмат көрсөтүү үчүн курулган райондук маданий-эс алуу жайы болгон.
Убакыттын өтүшү менен кинотеатр өз ишин токтоткон. 2010-жылы имарат улутташтырылып, мамлекеттик «Учур» жаштар театрынын карамагына өткөрүлгөн. Бирок капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн эмес. Имарат бир нече жылдан бери кароосуз калып, терезе-эшиктери талкаланып, жарым-жартылай бузулган абалда турган.
2025-жылдын 5-ноябрында объектте өрт чыгып, имарат олуттуу жабыркаган. Окуядан кийин шаар мэри жерине барып, тиешелүү кызматтарга долбоорду ишке ашырууну тездетүү тапшырмасын берген.