Чек ара кызматы: «Тажик тарап телефон чалууларды жоопсуз калтырып жатат»

29-апрель, 2021-ж. / Редакция / Аймак 18

УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү тажик тарап телефон чалууларга жооп бербей жатканын кабарлады.

«Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал чыңалган деп мүнөздөлүүдө.

Тажикстан Республикасынын чек ара ведомствосунун жетекчилиги менен телефон аркылуу байланышууга мүмкүн болбоду, телефондук чалуулар жоопсуз калып жатат», — дешти мекемеден.

29-апрель, 2021-ж. / Редакция / Аймак 18
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X