Чек ара маселеси боюнча Өзбекстандын делегациясы Ошко келет

26-апрель, 2021-ж. / Редакция / Башкы кабар 13

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Өзгөн районундагы Куршаб айыл өкмөтүнүн жергиликтүү тургундары менен болгон жолугушуусунда, чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн 10-майдан кийин Өзбекстандын делегациясы Кыргызстанга келерин билдирди. Ташиевдин айтымында,тараптардын жолугушуусу Ош шаарында өтөт.

Эске салсак, ушул жылдын март айында, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган өкмөттүк делегация, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өзбекстанда өткөн жыйынга катышкан.

26-апрель, 2021-ж. / Редакция / Башкы кабар 13
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X