Чек арада кайрадан ок атышуу болду

11-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 48

Бүгүн, 11-мартка караган түнү саат 02:50 чамасында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде  кайрадан атышуу болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Баткен-Исфана унаа жолунун Баткен районунун Эки-Таш тилкесинде тажик чек ара отряды жолдон өтүп бараткан унааларга таш ыргыта башташкан. Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын чек ара отрядынын унааларга таш ыргытууну токтотуу талабына көңүл бурушкан эмес. Алар тажик аскерлеринин мыйзамсыз аракеттерин токтотуу үчүн асманга эскертүүчү ок атууга аргасыз болушкан. Бул учурда Тажикстандын ушул аймакта кызмат өтөп жаткан дагы бир чек ара отряды кыргыз чек арачылары турган байкоочу мунарага ок чыгарган. Натыйжада, эки тараптын  ортосунда атышуу 20 мүнөттөй болгон. Кыргыз тараптан жарадар болгондор жана жабыркагандар жок.

Чыр-чатактын мындан ары курчуп кетпеши үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, андан соң окуя болгон жерде жолугушуу өткөрүштү.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгаштырылган КР УКМКнын ККК бөлүмдөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда.

 

11-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 48
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X