Чек арадан мыйзамсыз товар алып өткөндөргө жоопкерчилик күчөтүлдү
Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз алып өтүүгө каршы жоопкерчилик күчөтүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, тиешелүү өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине киргизилип, айып пулдардын өлчөмү жогорулатылды. Эми мыйзам бузган жеке жактар 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин, юридикалык жактар 28 миң сомдон 65 миң сомго чейин айып пул төлөйт. Эгерде мыйзам бузуу бир жыл ичинде кайталанса, айып пул жеке жактар үчүн 20 миң сомдон 40 миң сомго чейин, юридикалык жактар үчүн 65 миң сомдон 100 миң сомго чейин көбөйтүлөт. Мындан тышкары, мыйзамсыз алып өтүлгөн товарларды конфискациялоо да каралган.