Чет элдик жарандар үчүн виза, иштөөгө уруксат жана резидент-карта тартиби оптималдаштырылды
Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өлкө аймагында болуусуна, иштөөсүнө жана тиешелүү документтерди тариздөөсүнө байланышкан жол-жоболор жөнөкөйлөштүрүлөт.
Министрлер Кабинети чет өлкөлүк жарандарга виза берүү, Кыргызстанда болуу жана эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн бирдиктүү уруксатты тариздөө, ошондой эле резидент-карта берүү тартибин жөнгө салган убактылуу жобону бекитти.
Документ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы «Кыргыз Республикасында миграциялык процесстерди оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында кабыл алынган.
Жаңы тартипке ылайык, убактылуу жобонун негизинде чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга визаларды, иштөөгө жана өлкөдө болууга байланышкан бирдиктүү уруксаттарды, ошондой эле резидент-карталарды тариздөө тартиби аныкталат. Резидент-карталардын ээлери үчүн каттоону узартуу маселеси да ушул жобо аркылуу жөнгө салынат.
Убактылуу жобо 2026-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат. Бул мезгил аралыгында чет өлкөлүк жарандардын иштөөсүнө уруксат берүүчү документтерди тариздөө жана берүү боюнча функцияларды Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аткарат.
Ошондой эле токтом менен айрым мурдагы ченемдик актылардын колдонулушу убактылуу токтотулуп, айрым токтомдор күчүн жоготту деп таанылды. Мындан тышкары, чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө белгиленген мөөнөттөн ашык жүрүп калган учурларында чыгуу визасын тариздөө үчүн алынуучу төлөмдөрдүн өлчөмдөрү да такталды.
Министрлер Кабинети Тышкы иштер министрлигине калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин уюштурууну тапшырды. Токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Толук версиясы “Эркин-Тоо” гезитинин №34 (3794), 2026-жылдын 12-майындагы санында жарыяланды.