China Eastern Airlines компаниясы Бишкек–Шанхай түз рейсин ачуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат
“Кыргызстан аэропорттору” ААК Кытайдын ири авиакомпанияларынын бири — China Eastern Airlines компаниясынын жетекчилиги менен Шанхай–Бишкек–Шанхай багыты боюнча түз аба каттамын ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады.
Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.
Анын айтымында, жаңы авиакаттам Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы транспорттук байланышты кеңейтүүгө, жарандардын каттамдарын жеңилдетүүгө, ошондой эле туризмди, бизнес чөйрөсүн жана эл аралык кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.
Самидинов белгилегендей, Кыргызстан жарандык авиацияны өнүктүрүүнүн жаңы этабына кадам таштады.
“Бүгүнкү күндө Кыргызстан жарандык авиацияны өнүктүрүүнүн жаңы этабын баштан кечирүүдө. Биз заманбап аэропортторду куруп, маршруттук тармакты кеңейтип, дүйнөнүн алдынкы авиакомпанияларын кызматташууга тартуу менен өлкөбүздү Чыгыш менен Батышты байланыштырган маанилүү транспорттук борборго айландыруудабыз.
Шанхайга түз каттамдын ачылышы жөн гана учуу багытынын көбөйүшү эмес. Бул Кыргызстанды дүйнөнүн эң ири экономикалык, финансылык жана технологиялык борборлорунун бири менен байланыштырат. Бул туристтердин агымын көбөйтүп, инвестиция тартууга, ата мекендик бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга жана Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө өбөлгө түзөт”, — деп белгиледи ал.
Учурда Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда соода-экономикалык байланыштар, инвестициялык жана гуманитардык кызматташтык активдүү өнүгүүдө. Бул процесстерди колдоо үчүн заманбап транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү маанилүү экени белгиленди.