“CHINA ROAD” куруп жаткан көпүрөнүн темирлери уурдалды

10-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 38

“CHINA ROAD” жол куруу ишканасынын ишенимдүү өкүлү 1977-жылы туулган А.К.  жергиликтүү милиция бөлүмүнө кайрылып, 2021-жылдын 10-12-ноябрь күндөрү “Жалал-Абад-Балыкчы” жолунун Сузак районунун Курманбек айыл аймагындагы Калмак-Кырчын айылынан өткөн жолдо көпүрөнүн темирлери белгисиз адамдар тарабынан уурдалгандыгы тууралуу билдирген. Натыйжада, “CHINA ROAD” жол куруу ишканасы 200 миң сомдук зыян тарткан.

Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

10-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 38
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X