Чиновниктердин иш күнү журналисттердин коштоосунда өтөт
Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясы “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” аталышындагы жаңы долбоорду ишке киргизерин маалымдады.
Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында аткаруу бийлигинин негизги кызмат адамдары массалык маалымат каражаттары менен ачык форматта иш күнүн өткөрүп, өз ишмердүүлүгүн журналисттерге жана коомчулукка көрсөтүшөт.
13-майда Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы бир катар объектилерге иш сапары менен барат. Сапардын негизги максаты мамлекеттик долбоорлордун аткарылышын көзөмөлдөө жана жеринде көйгөйлөрдү ыкчам чечүү экени айтылды. Ошондой эле ЖМК өкүлдөрү министрлер кабинетинин төрагасынын иш ыргагын түз чагылдырууга мүмкүнчүлүк алышат.
Ушул эле күнү министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары юстиция министри Аяз Баетов дагы иш күнүн журналисттер жана блогерлер менен бирге өткөрөт.
Анын күн тартибине Юстиция үйүнө баруу, ЖМК өкүлдөрү менен реформалар жана санариптештирүү маселелери боюнча бейформал жолугушуу, ошондой эле мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен дебюрократташтыруу боюнча кеңешме кирет.
Ал эми 15-майда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев долбоорго катышып, аймакты өнүктүрүүгө багытталган ишмердүүлүгүн тааныштырат.