Чоң-Алайда тынч эмес
Чоң –Алайда кыргыз-тажик чек арасында абал тынч эмес деп билдирди депутат Аккулу Бердиев Жогорку Кеңештин бүгүн, 19-майдагы жыйынында. Айтымында, тажик тарап чек ара сызыгын бузууга барып жатат. Окопторду казышууда деген маалыматтар бар. “1999-жылдагы окуялар Чоң-Алайдан башталган. Алардын кайталанышына жол берүүгө болбойт”, — деген депутат Министрлер Кабиненинин төрагасы Улукбек Мариповду чакырууну сунуштады. Парламенттин төрагасы Талант Мамытов өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлүнөн депутаттарга тийиштүү маалымат берүүнү өтүнүп, учурда чек ара маселеси курчуп тургандыгын эскертти