Чочко багуучулардын зыянынан жапа чеккен испаниялыктардын көйгөйү

6-ноябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дүйнө 27

Испанияда чочко багып, анын этин саткандар акыркы жылдары кескин өскөн. Сеговия провинциясынын тургундары өкмөткө кайрылып, бул жаныбарды баккандарга карата чара көрүүнү талап кылышууда. Анткени, чочколор сууну булгап, тургундар таза сууну алыс жактан ташып келгенге аргасыз болушууда.

Сеговия провинциясында 400гө жакын калктуу конуштун суулары чочко фермалардын айынан булганып, ичүүгө мүмкүн болбой калган. Активисттердин нааразычылык акцияларын өткөрүп, фермалардын ишине каршылык көрсөткөндөрүнө карабастан, бийлик бул аймакта дагы 40ка жакын ушундай эле фермердик долбоорлорду ишке киргизүүнү максат кылды.

«Суулар булганып, экологияга терс таасирин тийгизди. Калктын таза сууга болгон муктаждыгы күндөн күнгө өсүп барат. Биз бийликке кайрылып, бул долбоорлорго мораторий киргизүүнү талап кылып жатабыз”, — дешет жергиликтүү активисттер.

Ал эми Испаниянын чочко багуучулар улуттук Ассоциациясынын өкүлдөрү өлкөдөгү чочко фермалар жүз миңдеген адамдарды иш менен камсыздап жатканын айтышат. Ассоциациянын төрагасы Мигель Анхель Хигуэранын айтымында, фермалардын ишмердиги тыкыр көзөмөлгө алынган.

“Чочко багуучулар Евробиримдик тарабынан уруксат берилген жаңы технологияларды колдонууга тийиш. Тактап айтканда фермалардан чыккан кык атайы даярдалган сактагычтарга жеткирилиши керек”, — дейт ал.

Экоактивисттердин маалыматына ылайык чочко фермалары көп жайгашкан аймактардан жергиликтүү тургундардын көбү көчүп кетүүгө аргасыз болушкан. Бул аймактардагы жерлердин көбү азыр бош калып, чочко багуучулар фермаларын кеңейтип алышкан. Ири фермалардын көбөйүшү адамдардын бул аймактарга кайтып келишине тоскоол болууда.

“Экологялык кыймыл” уюмунун өкүлү Даниэль Гонсалестин айтымында, эл арасында тамак-ашка этти көп колдонуп, чочконун этине суроо–талап күндөн күнгө өсүүдө. Адамдардын аң-сезимине таасир берип,  азыктанууга жана жаратылышка болгон мамилелерин өзгөртүү зарыл, — дейт ал.

“Айлана чөйрөгө келтирилген зыяндын орду толукталбайт. Этти көп колдонуу ден соолукка пайда бербейт, тескериче адамдар көптөгөн ооруларга дуушар болушат. Калктын социалдык- экономикалык абалы дагы начарлайт. Андыктан этти колдонууну азайтуу зарыл”, — дейт Гонсалес.

Расмий маалыматка ылайык Испанияда 86 миңден ашуун чочко фермалары бар. Евробиримдикке кирген мамлекеттердин арасында Испания чочко чарбачылык боюнча биринчи орунда турат.

Свинофермы Франции могут разориться из-за санкций против России — РТ на  русском
СВИНОФЕРМА - Definición y sinónimos de свиноферма en el diccionario ruso

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X