Чолпон-Ата: Дары-дармек менен камсыздоо 99%га жетти
Чолпон-Ата шаарындагы жалпы дарыгерлик практика борборунун дары-дармек менен 99 пайыз камсыздалганы аныкталды. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Муканов билдирди.
Маалыматка ылайык, дары-дармек сактоочу кампа текшерилип, алардын жеткиликтүүлүгү, камсыздоо деңгээли бааланды. Ошондой эле дары-дармектерди сактоо шарттары, жарактуулук мөөнөттөрү, эсепке алуу жана эсептен чыгаруу тартиби текшерилди.
Жыйынтыгында борбордун дары-дармек менен жогорку деңгээлде камсыздалганы белгиленди.