Чолпон-Ата: Саммитте 1000ден ашуун милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздайт

19-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 21

19-20-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтө турган Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Жыйындын катышуучуларынын жана меймандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн, Ысык-Көл жана башка облустардан жалпы 1000ден ашуун ички иштер органдарынын кызматкерлери тартылды.

«Көрүлүп жаткан аракеттер – расмий делегациялардын мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу менен бирге, шаардын ичинде, анын көчөлөрүндө укук тартибин сактоого багытталган. Ошол эле учурда, жарандарыбыздын күнүмдүк турмушунун ритми сакталып, алардын укуктарына чектөөлөргө жол берилбейт»,-деп маалымдайт ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Тамчы айылынан баштап Чолпон-Ата шаарына чейинки негизги автожолунда транспорттордун жүрүшүүнө убактылуу чектөөлөр киргизилет. Чолпон-Ата шаарынан өтүүчү негизги автожолундагы тыгынды алдын алуу үчүн коомдук, оор жүк ташуучу транспортторго атайын айланма жолдор иштелип чыккан.

19-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 21
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X