Чолпон-Атада эл аралык иш-чаралардын коопсуздугу күчөтүлдү
Чолпон-Ата шаарында Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Анда Ысык-Көлдө өтө турган мамлекеттик сапарлардын, мамлекет башчыларынын катышуусундагы «Борбор Азия – Азербайжан» консультативдик жолугушусунун жана «UIM F1H2O дүйнө чемпионаты. Кыргызстандын Гран-приси – Ысык-Көл-2026» эл аралык мелдешинин коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланды.
Министр коомдук тартипти, жол кыймылынын жана туристтердин коопсуздугун күчөтүүнү, терроризмге каршы коргонуу чараларын бекемдөөнү жана бардык кызматтардын ишин так координациялоону тапшырды. Бул максатта Ысык-Көлгө ИИМдин борбордук аппараты менен бир катар кызматтардан кошумча күчтөр жөнөтүлдү.
Кеңешменин жыйынтыгында аймактык жетекчилерге эл аралык иш-чаралар учурунда мыйзамдуулукту, коомдук коопсуздукту жана кызматтык тартипти эң жогорку деңгээлде камсыз кылуу боюнча конкреттүү милдеттер жүктөлдү.