27-июлда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» маданий борборунда Өзбекстан Республикасынын Маданият күндөрүнүн расмий ачылыш аземи өттү.
Салтанатка Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев менен Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков катышып, эки өлкөнүн маданий кызматташтыгы жылдан-жылга бекемделип жатканын белгилешти. Алар Маданият күндөрү кыргыз-өзбек достугун чыңдап, чыгармачылык байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн айтышты.
Ачылыш аземине эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү, маданият ишмерлери, чыгармачыл жамааттар, жергиликтүү тургундар жана эс алуучулар катышты.
Концерттик программада Өзбекстандын эл артисттери Фаррух Закиров, Камолиддин Уринбаев, Айгүл Надирова, Зулайхо Бойхонова жана башка белгилүү өнөрпоздор сахнага чыгып, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулашты. Ошондой эле «Навбахор» жана «Тумор» бий ансамблдери, Өзбекстандын мамлекеттик симфониялык оркестринин коштоосундагы чыгармалар тартууланып, эки элдин достугу менен маданий жакындыгы даңазаланды.
Өзбекстандын Маданият күндөрү кыргыз-өзбек маданий-гуманитардык кызматташтыгын тереңдетүүгө багытталган маанилүү иш-чаралардын бири болуп саналат. Иш-чаралар 28-июлда Бостери айылындагы «Дордой Номад» аренасында өтө турган гала-концерт менен жыйынтыкталат.