Чолпон-Атада ШКУ өлкөлөрүнүн Эл аралык кинофестивалы расмий ачылды
Чолпон-Ата шаарында 16-июлда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Эл аралык кинофестивалынын расмий ачылыш аземи өттү.
Фестиваль Кыргыз Республикасынын ШКУга төрагалыгынын алкагында уюштурулуп, уюмдун түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына арналды.
Ачылыш аземине ШКУга мүчө өлкөлөрдүн расмий делегациялары, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, эл аралык калыстар тобу, режиссёрлор, актёрлор, продюсерлер, маданият ишмерлери жана ардактуу коноктор катышты.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев ачып, кинематография элдерди жакындаткан жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдаган маанилүү өнөр экенин белгиледи.
Анын айтымында, фестиваль чыгармачыл тажрыйба алмашууга, биргелешкен кино өндүрүшүн өнүктүрүүгө жана жаңы эл аралык долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзгөн кесиптик аянтча болот.
Ачылыш аземинде кыргыз режиссёру Эрнест Абдыжапаров жетектеген эл аралык калыстар тобу жана сынактык программа тааныштырылды. Эл аралык сынакка сегиз толук метраждуу тасма катышууда. Ошондой эле сынактан тышкаркы көрсөтүүлөр, ретроспективалык сеанстар жана ар түрдүү маданий иш-чаралар уюштурулат.
ШКУ өлкөлөрүнүн Эл аралык кинофестивалы 19-июлга чейин уланып, кино тармагындагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана маданий байланыштарды бекемдөөгө багытталган бир катар иш-чараларды камтыйт.

