Чолпон-Атада ШКУга мүчө мамлекеттердин аймак жетекчилеринин V форуму өтөт

21-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 148

Чолпон-Ата шаарында 27–29-май күндөрү Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин аймак жетекчилеринин V форуму жана боордош шаарлардын жолугушуусу өтөт. Иш-чара Шанхай Кызматташтык Уюмунун 25 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын уюмдагы төрагалыгына арналган.

Форумга Кытай, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Беларусь, Иран мамлекеттеринин өкүлдөрү, ошондой эле ШКУ Катчылыгынын делегациясы катышат. Жыйындын алкагында аймактар аралык кызматташтыкты кеңейтүү, экономикалык байланыштарды чыңдоо жана боордош шаарлар ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелери талкууланат.

28-май күнү №2 мамлекеттик резиденция аймагында форумдун расмий ачылыш аземи өтүп, аймактар аралык кызматташууга багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

Ошол эле күнү Baytur Resort & SPA мейманканасында ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулат. Анда экспортко багытталган 40тан ашуун кыргызстандык компания өз продукцияларын сунуштайт.

Мындан тышкары, форумдун алкагында B2B форматындагы сүйлөшүүлөр өтүп, логистика, транспорт, халал-индустрия жана боордош шаарларды өнүктүрүү боюнча панелдик сессиялар уюштурулат. Иш-чара аймактар аралык соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө жана жаңы өнөктөштүк байланыштарды түзүүгө өбөлгө түзөрү белгиленүүдө.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X