Чолпон-Атада ШКУга мүчө мамлекеттердин эл аралык кинофестивалы өтөт
16–19-июль күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин эл аралык кинофестивалы өтөт.
Маданий иш-чара ШКУнун түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Уюмга төрагалык кылуусуна арналган.
Фестивалга ШКУга мүчө сегиз мамлекеттин расмий делегациялары, киноиндустриянын өкүлдөрү жана тармактык уюмдардын адистери катышары күтүлүүдө.
Иш-чаранын программасына ШКУ өлкөлөрүнүн улуттук кинематографиясынын өнүгүүсүн чагылдырган көркөм тасмалар, 2025–2026-жылдары тартылган тасмалардын панорамалык көрсөтүүлөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү кинооператор-коюучу Кадыржан Кыдыралиевдин чыгармачылыгына арналган ретроспективдүү көрсөтүүлөр киргизилген.
Мындан тышкары, фестивалдын алкагында кино тармагындагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү, биргелешкен кино өндүрүшүн өнүктүрүү жана кесиптик тажрыйба алмашуу маселелерине арналган тегерек стол өтөт.
Фестивалдын жыйынтыгында жеңүүчүлөр эл аралык калыстар тобу тарабынан аныкталып, сыйлоо аземи жана гала-концерт менен коштолгон салтанаттуу жабылуу аземи уюштурулат.