Чолпон-Атада ШКУга мүчө өлкөлөрдүн жаш окумуштууларынын эл аралык лагери жыйынтыкталды

20-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 151

Чолпон-Ата шаарындагы «Акылман» президенттик лицейинде Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин жаш окумуштууларынын эл аралык илимий-билим берүү лагери SCO Young Scientists Camp 2026 расмий жыйынтыкталды.

6–19-июль күндөрү өткөн лагерге Кыргызстан, Кытай, Россия, Өзбекстан жана Тажикстандын жаш окумуштуулары, профессорлору жана илимий жетекчилери катышты.

Эки жуманын ичинде катышуучулар эл аралык командаларда иштеп, экология, биомедицина, кайра жаралуучу энергетика, суу астындагы робототехника жана астроинформатика багыттарында изилдөөлөрдү жүргүзүп, илимий долбоорлорун сунушташты.

Жабылуу аземине Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова, ошондой эле Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Гүлнара Ботоканова катышып, жаш окумуштуулардын эмгегине жогору баа беришти.

Алар мындай демилгелер ШКУга мүчө мамлекеттердин илимий кызматташтыгын чыңдап, келечектеги биргелешкен долбоорлорго негиз түзөрүн белгилешти.

20-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 151
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X