Чолпон-Атада жаңыланган «Чолпон» кинотеатры кайрадан эшигин ачты

7-август, 2026-ж. / Редакция / Маданият 116

Чолпон-Ата шаарындагы жаңыланган «Чолпон» кинотеатры расмий түрдө пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, маданият ишмерлери жана шаар тургундары катышты.

Министр Мирбек Мамбеталиев кино улуттун тарыхын, дүйнө таанымын жана руханий баалуулуктарын чагылдырган маанилүү искусство экенин белгилеп, кыргыз киносу дүйнөгө белгилүү «Кыргыз керемети» аркылуу өзгөчө орунду ээлегенин айтты.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө кинотеатрлар тасма көрсөтүүчү жай гана эмес, фестивалдар, бет ачарлар жана чыгармачылык жолугушуулар өтүүчү заманбап маданий борборлорго айланып жатат. Ал ошондой эле президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен өлкөдө улуттук кинематографияны өнүктүрүүгө жана маданий инфраструктураны жаңылоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

Жаңыланган «Чолпон» кинотеатры эми шаар тургундары жана Ысык-Көлгө келген коноктор үчүн кино көрсөтүүлөрдүн, маданий иш-чаралардын жана чыгармачылык жолугушуулардын жаңы борбору болот. Ачылыш аземинин соңунда долбоордун ишке ашуусуна салым кошкондорго ыраазычылык билдирилип, кинотеатрга ийгиликтер кааланды.

7-август, 2026-ж. / Редакция / Маданият 116
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X