Чолпон-Атадагы 4 тилкелүү айланма жолдо асфальт төшөө башталды
Чолпон-Ата шаарындагы 4 тилкелүү айланма жолдун курулушу активдүү жүрүп жатат. Учурда жолго асфальт төшөө иштери башталды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, долбоордун жалпы узундугу 15,64 чакырымды түзөт.
Учурда асфальт төшөөдөн тышкары жер даярдоо, көпүрөлөрдү, суу өткөрүүчү курулмаларды, тирөөч дубалдарды куруу жана инженердик тармактарды көчүрүү иштери аткарылууда.
Курулушка күн сайын 417 кызматкер жана 186 атайын техника тартылган.
Жаңы жол ишке берилсе, Чолпон-Атанын ички көчөлөрүндөгү унаа тыгыны азайып, транзиттик каттамдар жеңилдейт. Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугу жогорулайт.