Чолпон-Атадагы паркты көрктөндүрүүдө акчалай зыян келтирилген

14-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Кылмыш 32

Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан Ысык-Көл областынын өнүктүрүү фондунун дирекциясынан «Чолпон-Ата шаарындагы паркты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу» долбооруна бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүдө Чолпон-Ата шаардык мэриясынын жана Өнүктүрүү фондунун кызматкерлери жогоруда аталган долбоорду аткарууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, иш жүзүндө аткарылбаган жумуштардын көлөмүн жогорулатуу менен мамлекетке 720 миң сомдук зыян келтиришкендигин аныкташты. Бул факт боюнча райондук прокуратура тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

14-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Кылмыш 32
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X