Чолпон-Атадагы жолугушуудан кийин президент Садыр Жапаров лидерлер менен түшкөн сүрөтүн жарыялады
Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын, Азербайжандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Казакстандын президенттери менен чогуу түшкөн сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Мамлекет башчысы сүрөт менен кошо«Сиздер менен жүз көрүшүп, аймактагы достукту жана кызматташтыкты дагы бир жолу бекемдеп жатканыбызга кубанычтамын», — деп жазды.
Белгилей кетсек, бүгүн, 31-июлда, Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусу өттү. Жолугушууда аймактык кызматташтыкты чыңдоо, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана өз ара кызыкчылык жараткан маселелер талкууланды.