Чолпон-Атадагы жыйын: Мишустин өнөр жай кооперациясына басым жасады

7-август, 2026-ж. / Редакция / Экономика 301

Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин Чолпон-Атада өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында ЕАЭБ өлкөлөрүн өнөр жай кооперациясын, азык-түлүк коопсуздугун жана өз ара сооданы күчөтүүгө чакырды.

Анын айтымында, дүйнөлүк чакырыктарга карабастан, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикасы өсүүнү улантууда. Ички дүң өнүм, өнөр жай өндүрүшү, айыл чарба жана өз ара соода боюнча оң көрсөткүчтөр сакталууда.

Мишустин өндүрүштүк кубаттуулуктарды бириктирүү аркылуу биргелешкен ишканаларды түзүү зарылдыгын белгилеп, мындай долбоорлорду Кыргызстанда да ишке ашырууга мүмкүн экенин айтты.

Ошондой эле ал азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө, илимий-технологиялык кызматташтыкты кеңейтүү жана электрондук соода менен транспорттук-логистикалык процесстерди санариптештирүү ЕАЭБдин негизги артыкчылыктарынын бири экенин белгиледи.

Россиянын өкмөт башчысы бирликтин Кытай, Иран жана башка өнөктөш өлкөлөр менен соода-экономикалык байланыштарын кеңейтүү маанилүү бойдон каларын кошумчалады.

7-август, 2026-ж. / Редакция / Экономика 301
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X