«Чолпон» балети менен театрдын 85-сезону ачылды

5-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 65

2026-жылдын 3-октябрында А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында 85-театрдык сезондун салтанаттуу ачылышы өттү. Жаңы сезон залкар балерина, СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналды.Нет описания фото.

Ачылыш аземинде көрүүчүлөргө кыргыз хореографиясынын классикалык чыгармаларынын бири — М. Раухвергердин «Чолпон» балети тартууланды. Спектаклде театрдын балет артисттери жана симфониялык оркестри катышып, дирижёрлукту Семетей Султанов аткарды.

Башкы ролдорду Мээрим Султакаева (Чолпон), Атабек Садыркулов (Нурдин), Даяна Кыдыралиева (Айдай), Валерий Разумейко (Темир-хан) жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Фарух Садыркулов (Жин) аткарышты.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев жана Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов катышты.Возможно, это изображение танцы

«Чолпон» балети театрдын сахнасында 60 жылдан ашуун убакыттан бери коюлуп, кыргыз хореографиясынын алтын фондундагы чыгармалардын бири болуп келет. Спектаклдин балетмейстер-коюучусу — Кыргыз ССРинин эл артисти Н. Түгөлов, редактору — Кыргыз ССРинин эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты У. Сарбагышев, сүрөтчү-коюучусу — СССРдин эл сүрөтчүсү А. Арефьев.

5-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 65
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X