Чолпон Койчуманова, Тарых илимдеринин доктору: Кыргызстандын оң имиджин калыптандырууга өбөлгө түзүлдү

9-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Күн собол 87

Бул жылы өлкөбүздүн ШКУдагы төрагалыгы эл аралык деңгээлдеги абройлуу уюмдун мааракелик жылына туш келди. Мындай шартта Кыргызстанга кошумча жүк жүктөлүп, өлкөбүздүн төрагалыгы астында 200дөн ашык атайын иш-чара өткөрүлдү. Кыргызстандын төрагалыгы учурунда кадыры бийик уюмдун эл аралык беделин чыңдоо, эл аралык байланыштарын кеңейтүү боюнча көп иштер жасалганын белгилеген ШКУнун баш катчысы Нурлан Ермекбаев кыргыз өлкөсү бул сапар өзүнүн чыгармачылыгы менен айырмаланганын, өлкөдөгү бийик чокуга ШКУнун аты берилип, жалпысынан жаштар менен иштөөгө олуттуу көңүл бурулганын айтты. Биз бул сапар дал ушул дүйнөлүк саясат талкууланган ШКУдагы маанилүү иштердин жыйынтыгы боюнча коомчулуктун пикирин билүүгө далалат кылып,  Кыргызстан ШКУдагы төрагалык милдетти кандай жыйынтыктай алды деген суроо менен кайрылдык.

— ШКУнун саммити Борбор Азия өлкөлөрү үчүн өзгөчө мааниге ээ. Тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө ШКУнун мааниси ырааттуу түрдө өсүүдө, анткени, бул уюм саясий, экономикалык жана демографиялык потенциалга ээ мамлекеттерди бириктирет. Ал эми Орто Азия маанилүү транспорттук жана соода жолдорунун кесилишинде жайгашкандыктан, анын туруктуулугу жана өнүгүүсү бүтүндөй Евразия үчүн чоң мааниге ээ. ШКУнун алкагында терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү, трансчек аралык кылмыштуулукка каршы туруу, транспорттук инфраструктураны, энергетика тармагын, суу ресурстарын жана санариптик экономиканы өнүктүрүү сыяктуу маселелерди биргелешип талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Кыргызстанда ШКУнун саммитин өткөрүү өлкө үчүн маанилүү окуя. Анткени, эл аралык диалогдун активдүү катышуучусу жана ишенимдүү өнөктөш катары Кыргызстанга көрсөтүлгөн ишенимди чагылдырат. Саммитти уюштуруу республиканын экономикалык, маданий жана туристтик дараметин дүйнөлүк коомчулукка көрсөтүүгө, ошондой эле аймактык жана глобалдык маселелерди чечүүгө салым кошууга даярдыгын тастыктоого мүмкүнчүлүк берет. Кыргызстан үчүн саммитти өткөрүү, бул бир гана дипломатиялык иш-чара эмес, өлкөнүн эл аралык аброюн бекемдөөдөгү маанилүү фактор жана жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чараларды өткөрүүгө кудуреттүү мамлекет катары кадыр-баркын жогорулатат. Чет өлкөлүк делегациялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана ишкер чөйрөнүн көңүл буруусу өлкөнүн кадыр-баркын жогорулатууга жана дүйнөлүк аренада оң имиджди калыптандырууга өбөлгө түзөт. Демек, аймактык жана эл аралык мааниге ээ. Саммиттин ийгиликтүү өткөрүлүшү бүтүндөй аймакта тынчтыкты, туруктуулукту жана туруктуу өнүгүүнү мындан ары чыңдоо жолундагы маанилүү кадам болуп калышы мүмкүн.

Калыгул Бейшекеев

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X