Чоң-Алай фермерлери үчүн жаңы мүмкүнчүлүк. Германиянын жүгөрү сорту сыноодо
Чоң-Алайда алгачкы жолу германиялык гибриддик жүгөрү өстүрүлүүдө
Чоң-Алай районунда алгачкы жолу Германиянын KBC КАШМИР ФАО 390 сортундагы гибриддик жүгөрү эксперименттик негизде эгилди. Айдоо иштери 3,5 гектар аянтта жүргүзүлүп жатат.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, долбоордун негизги максаты – мал чарбачылыгынын тоют базасын чыңдоо жана жергиликтүү шартка ылайык жогорку түшүм бере турган тоют өсүмдүктөрүн аныктоо.
Эксперименттин алкагында жүгөрүнүн бийик тоолуу аймактагы өсүү өзгөчөлүктөрү, түшүмдүүлүгү жана тоюттук сапаты изилденип, алынган жыйынтыктар келечекте райондогу дыйкан-фермерлерге сунушталат.
Учурда жүгөрү райондун жогорку, ортоңку жана төмөнкү аймактарында өстүрүлүп, анын өсүү процесси агрономдор тарабынан жума сайын көзөмөлдөнүп, туруктуу мониторинг жүргүзүлүүдө.
Министрликтен белгилешкендей, жүгөрү мал үчүн аш болумдуу жашыл тоют жана сапаттуу силос даярдоодо маанилүү өсүмдүк болуп саналат. Акыркы жылдары өлкөдө тоют өсүмдүктөрүнүн аянтын көбөйтүүгө өзгөчө көңүл бурулуп келет.
Чоң-Алай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы дыйкан-фермерлерди айыл чарбасына жаңы технологияларды жана инновациялык ыкмаларды киргизүүгө активдүү катышууга чакырды.