Чоң Чүй каналынын жээги өзгөрүүдө. Жаңы жол жана эс алуу зонасы пландалууда

29-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 142

Бишкекте жаңы жол жана жөө жүрүүчү аймакты курууга тоскоолдук жараткан объектилер алынды Бишкек шаарында Чоң Чүй каналынын жээги боюнча Үсөнбаев көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейинки тилкеде жаңы жол куруу жана жөө жүрүүчүлөр үчүн эс алуу аймагын (променад) уюштуруу пландалууда.

Долбоорду ишке ашыруунун алкагында курулуш иштерине тоскоолдук жараткан объектилер демонтаждалды.

Анын ичинде: 1 жеңил типтеги объект; 9 жеңил тор конструкциядагы объект; 3 капиталдык тосмо. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында муниципалдык менчиктеги 2 620 чарчы метр жер аянты бошотулду.

Белгилей кетсек, бул иштер борбор калаанын жол-транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө, транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртууга жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу, заманбап шаардык мейкиндикти түзүүгө багытталган.

29-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 142
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X