Чоң-Кеминде «Ак Илбирс ЭкоФест Чоң-Кемин 2026» экологиялык фестивалы өтөт
2026-жылдын 11-июлунда Чүй облусунун Кемин районундагы Чоң-Кемин өрөөнүнүн Шабдан айылында «Ак Илбирс ЭкоФест Чоң-Кемин 2026» экологиялык фестивалы өтөт.
Быйылкы фестиваль «Ак илбирс: Эко-билим берүү — Кыргызстандын туруктуу келечегинин негизи» деген темага арналат. Иш-чаранын максаты — экологиялык маданиятты өнүктүрүү, жаратылышка жоопкерчиликтүү мамилени жайылтуу жана ак илбирсти сактоо маселесине коомчулуктун көңүлүн буруу.
Фестивалдын алкагында экологиялык көргөзмөлөр, арт-зоналар, сүрөт жана фотокөргөзмөлөр, балдар үчүн сынактар, мастер-класстар, этномаданий программалар, спорттук мелдештер жана башка интерактивдүү иш-чаралар уюштурулат.
Ошондой эле жаштардын экологиялык демилгелерине өзгөчө көңүл бурулуп, «Ак илбирс жана жаштар — жаратылышты коргоодо» жана «BARS FASHION 2026 — Ак илбирстин мыкты костюму» студенттик сынактарынын жеңүүчүлөрүнүн чыгармачылык көрсөтүүлөрү тартууланат.
Иш-чараны «Илбирс — Зеленое поколение» коомдук фонду, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча Глобалдык программанын катчылыгы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштурууда.
Уюштуруучулар фестивалга өлкөнүн бардык тургундарын, конокторун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн, экологиялык уюмдарды жана жаштар бирикмелерин катышууга чакырат.
Өткөрүлүүчү жайы: Чүй облусу, Кемин району, Чоң-Кемин өрөөнү, Шабдан айылы, ипподром.
Дата жана убактысы: 2026-жылдын 11-июлу, саат 09:30.
Байланыш телефондору: 0553 501331, 0500 665265.