Чубак ажынын арт-портрети соцтармак колдонуучуларын суктандырды

7-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 315

Орто Азиядагы белгилүү инсандардын арт-портреттерин өзгөчө стилде жаратып келген nurs.leey лакап аты менен белгилүү string art чебери бул жолу Кыргыз эл баатыры Чубак ажы Жалиловдун портретин жасап, социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты.

Чебер эмгектерин Instagram баракчасына жарыялап келет. Ал Geometric String Art техникасында жыгач менен каробканы айкалыштырып, таанымал инсандардын жүзүн жогорку тактыкта чагылдырган эмгектери менен белгилүү.

Бул жолу анын эмгегинин каарманы Кыргыз эл баатыры Чубак ажы Жалилов болду. Портреттин оригиналга болгон өзгөчө окшоштугу жана кылдат аткарылышы миңдеген колдонуучулардын көңүлүн буруп, жылуу пикирлерди жаратты.

Социалдык тармактын колдонуучулары автордун өзгөчө талантына жогору баа берип, мындай эмгектер улуттук баалуулуктарды заманбап форматта даңазалап жатканын белгилешүүдө.

7-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 315
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X