Чүй облусунда жаңы дайындалган судьялар ант беришти

27-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 143

2026-жылдын 27-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин катышуусунда жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти.

Бул — жергиликтүү сотторго судьяларды биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө жана курактык чегине жеткенге чейин дайындоо тартибинде өткөн ант берүү аземи болду.

Возможно, это изображение отдел новостей и текст

Президенттин тиешелүү жарлыктары менен Чүй облусундагы бир катар сотторго төмөнкү судьялар дайындалды:

  • Чүй облусунун административдик сотуна — Мирослав Укушов;
  • Аламүдүн райондук сотуна — Нурсултан Узаков;
  • Сокулук райондук сотуна — Данияр Асылбашев (курактык чегине жеткенге чейин).

Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев жаңы дайындалган судьяларды куттуктап, антка бекем туруп, мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү камсыз кылуу милдетин так аткарууга чакырды.Возможно, это изображение учеба

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамга ылайык, судьялардын ыйгарым укуктары ант берген күндөн тартып күчүнө кирет.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X