Чүй облусунун командасы көк бөрү боюнча Кыргызстандын биринчилигин жеңди

26-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Спорт 72

Көк бөрү боюнча Кыргызстандын биринчилиги Ош шаарында жыйынтыкталды. Чүй облусунун командасы биринчи орунду ээлеп, 1 миллион сом байгеге ээ болду.

Мелдеш 20–25-октябрь күндөрү Төлөйкөн ат майданында өттү. Ага өлкөнүн жети облусунан жана Бишкек, Ош шаарларынан келген тогуз команда катышты.

Жыйынтыгында экинчи орунду Талас облусунун командасы ээлеп, 500 миң сом алды. Үчүнчү орун Ош облусунун командасына буюруп, 250 миң сом байге тапшырылды.

Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев тапшырды.

Мелдеш улуттук спортту өнүктүрүү, аймактардагы командалардын тажрыйба алмашуусуна шарт түзүү жана мыкты оюнчуларды аныктоо максатында уюштурулду.

26-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Спорт 72
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X