Чүйдө 5,5 млн долларлык айнек өндүрүүчү завод курулууда

22-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 119

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Чүй облусунун Новопокровка айылындагы «Гласс Центр» ишканасынын курулуп жаткан заводунун абалы менен таанышты.

Долбоордун алкагында айнек пакеттери жана жарыкты чагылдыруучу айнектер өндүрүлөт. Ишкана кыргыз-өзбек инвестициялык кызматташтыгынын негизинде ишке ашырылууда.

Жалпы инвестиция көлөмү 5,5 млн долларды түзөт. Каражаттын 50,7 пайызы Өзбекстан–Кыргызстан өнүктүрүү фонду, 49,3 пайызы инвесторлор тарабынан каржыланууда.

Завод ишке кирсе, курулуш материалдарын ата мекендик өндүрүү көбөйүп, импортко көз карандылык азаят. Ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт түзүлөт.

22-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 119
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X