Чүйдө билим берүү тармагындагы көйгөйлөр көтөрүлдү
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Чүй облусунун Токмок шаарынын, Кемин жана Чүй райондорунун тургундары менен жолугушуп, алардын билим берүү тармагына байланышкан көйгөйлөрүн укту.
Кабыл алуу 7-ноябрда Президент Садыр Жапаровдун Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында өттү.
Жолугушууда жергиликтүү тургундар мектептердин жана кесиптик лицейлердин имараттарын капиталдык оңдоодон өткөрүү, билим берүү мекемелеринин абалын жакшыртуу жана тармактагы башка көйгөйлөр боюнча кайрылышты.
Министр жарандардын сунуштарын жана өтүнүчтөрүн угуп, көтөрүлгөн маселелер боюнча түшүндүрмөлөрдү берди.