Чүйдө инвестиция жана жаңы өндүрүштөргө басым жасалат

11-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 88

Чүй облусунда инвестиция тартуу жана жаңы өндүрүштүк объектилерди ачуу боюнча иштер күчөтүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабировдун тапшырмасынын негизинде Агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушууларда инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана мамлекеттик органдар менен бизнестин өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, Агенттиктин өкүлдөрү «Аква Пром» жана «Хуа Руй» ишканаларынын өндүрүштүк объектилерин кыдырып, алардын ишмердүүлүгү жана өнүгүү пландары менен таанышты.

Тараптар инвестициялык долбоорлорду колдоо жана Чүй облусунун инвестициялык потенциалын жогорулатуу боюнча биргелешкен ишти күчөтүүгө макулдашышты.

11-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 88
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X