Чүйдө курулуп жаткан мектептердин сапаты текшерилди
Чүй облусунда курулуп жаткан билим берүү объектилерине мониторинг жүргүзүлдү. Текшерүүнү Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы жүргүздү.
Адистер Токмок шаары, Сокулук, Чүй жана Жайыл райондорундагы 11 мектеп жана бала бакчанын курулуш иштерин текшеришти.
Мониторинг учурунда объектилердин долбоорго шайкештиги, курулуш нормаларынын сакталышы, колдонулган материалдардын сапаты жана техникалык документтердин жүргүзүлүшү каралды.
Жыйынтыгында көпчүлүк объектилерде иштер талапка ылайык жүрүп жатканы аныкталды. Ошол эле учурда «Монолит Строй» жана «Ак-Ат» ЖЧКларына курулуш сапатын күчөтүү жана материалдарды лабораториялык текшерүүдөн өткөрүү боюнча сунуштар берилди.