Чүйдө курулуш компанияларына мыйзам талаптарын так сактоо эскертилди
Чүй облусунда курулуш компанияларынын өкүлдөрү жана куруучулар менен жолугушуу өтүп, объектилердеги коопсуздук жана мыйзам талаптарын сактоо маселелери талкууланды.
Жыйынды Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы өткөрдү.
Курулушчуларга жумушчуларды жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу, коопсуздук эрежелерин сактоо жана тиешелүү нускамаларды өз убагында өткөрүү талап кылынды.
Ошондой эле курулуш иштерин бекитилген долбоордук жана уруксат берүүчү документтерге ылайык жүргүзүү керектиги айтылды. Долбоордон өз алдынча четтөөгө, имараттын кабаттуулугун жана конструкцияларын уруксатсыз өзгөртүүгө жол берилбейт.
Мыйзам талаптары бузулган учурда тиешелүү чаралар көрүлөрү эскертилди.