Чүйдө жана Бишкекте көмүр сатуу башталды. Тоннасы 7000 сомдон ашпайт

13-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 170

Кышкы камылга башталды! Чүй облусунда жана Бишкек шаарында калк үчүн көмүр сатуу иши старт алды. Алгачкы кардарларга атайын белектер да тапшырылды.

Кампаларда көмүр бар, азырынча кезек жок. Жооптуу тараптар тургундарды кышты күтпөстөн, керектүү көлөмдөгү отунду алдын ала камдап алууга чакырууда.

Антимонополиялык жөнгө салуу кызматынын маалыматына ылайык, көмүрдүн бир тоннасынын баасы 7000 сомдон ашпашы керек.

Кышка камылгаңызды азыртан көрүңүз — көмүрдү алдын ала алып, суук түшкөндө түйшүк тартпаңыз!

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X