Чүй облусунда жарандар менен ачык диалог башталды

14-май, 2026-ж. / Редакция / Коом 297

Чүй облусунда мамлекеттик органдардын калк менен көчмө жолугушуулары башталды. Демилгенин алкагында облус жетекчилиги жана сот системасынын өкүлдөрү жарандар менен жеринде жолугуп, укуктук жана административдик маселелер боюнча ачык диалог жүргүзүүдө.

Иш-чараларга Чүй облустук сотунун төрагасы Таалайбек Даркимбаев, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууда.Возможно, это изображение текст

Алгачкы жолугушуулар Кемин районунда өтүп, Кемин шаарынын, Орловка шаарынын, ошондой эле Чоң-Кемин жана Кичи-Кемин айыл аймактарынын тургундарын камтыды. Жолугушуулар мамлекеттик органдардын ачыктык саясатынын алкагында уюштурулуп, жарандардын сот адилеттигине жана аткаруу бийлигине түз жетүүсүн камсыздоого багытталган.Возможно, это изображение один или несколько человек и толпа

Үч күндүн ичинде сот системасынын өкүлдөрүнө ар кандай категориядагы кайрылуулар түшкөн. Негизинен жер талаштары, мүлктү бөлүштүрүү маселелери, апелляциялык арыз берүү тартиби жана жаңы жагдайлар боюнча иштерди кайра кароо боюнча суроолор көтөрүлгөн.Возможно, это изображение один или несколько человек и текст "3 A"

Чүй облустук сотунун төрагасы Таалайбек Даркимбаевдин айтымында, көчмө жолугушуулардын негизги максаты — жарандарды жеринде угуп, аларды облустук борборго келүүгө мажбурлабоо. Ошондой эле аймакта жер маселеси эң курч көйгөйлөрдүн бири бойдон калып жатканын белгиледи.Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Бекитилген графикке ылайык, мындай жолугушуулар Чүй облусунун бардык райондорунда өткөрүлөт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X