Чүйдө экология тармагындагы эки кызматкер пара менен кармалды

15-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 155

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй аймактык башкармалыгынын эки кызматкерин пара талап кылуу фактысы боюнча кармады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 13-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси («Пара талап кылуу») менен козголгон кылмыш ишинин алкагында 61 жаштагы О.М.К. жана 34 жаштагы Д.О.М. өзгөчө ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен кармалган.{{ item.title }}

Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүүлөр ишкерлерден акча талап кылып жүрүшкөн. Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө алар кезектеги ирет пара алып жаткан учурда колго түшүрүлгөн.

Учурда О.М.К. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми Д.О.М. өлкөдөн чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде бошотулганы маалым болду.

Бул факты боюнча тергөө амалдары улантылып жатат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X