Чыгаан калемгер Эсенбай Нурушев
Атам почточу болгондуктан гезиттин арасында чоңойдум. Дүйнөнүн жаңылыктары атам аркылуу тарачудай сезиле берчү мага. Анткени, Карагер аты экөө барбаган чабандын, саанчынын, дыйкандын үйү жок эле. Ошондон улам, жаш чагымда эрте таанышкан басылмалардын бири – Ленин райондук “Ленинчил” гезити болгон. Журналистикага болгон ышкымды ойготкон гезит десем болот. Андан калса, “Ленинчил” гезитинин башкы редактору Сыргабек Маматалиев менин айылдашым экенин билчүмүн. 70-жылдардын аягында Ленин району экиге бөлүнүп, БазарКоргон району өзүнчө уюшулганда, “Эмгек жалыны” гезити көз жарып, 80-жылдардын соңунда аталган басылмада иштөө бактысы туш келди. Мына ошол жылдарда чыгармачыл чөйрөдө журналист Эсенбай Нурушев жөнүндө кадырлоо, сыймыктануу духу менен оозанган сөздөрдү көп угуп жүрдүм. Керек болсо, “журналисттен көрө, Эсенбай Нурушев болуп иштөө артык окшойт” деген ойлор келген чоркок акылыма. Кудайдын кулагы сүйүнсүн азыр деле сыймыктанган сөздүн аягы суюлбай келет. Менин дагы журналисттик кесипти аркалаганыма отуз жылдан ашканы менен Эсенбай Нурушев менен аке-үкө катары ооз учунан саламдашканыбыз болбосо, “биз жактык” экенине ичим жылып, кудуңдап эле жүрөм. Канча ирет колума калем алып, жазгым келди. Сүрдөйм. Тартынам. Даай албайм. Ушундай пенде экем да. Анан замандаштарына кайрылам: “Силердин китебиңерге жакшы пикирлерин жазып жатат… Инсандык парасатыңарды жылдызга жеткирип коюп жатат… Ушу киши жөнүндө силер неге жазбайсыңар?” деп суроо жаадырам. “Ал жөнүндө жазыш үчүн Эсенбайдын деңгээлинде болуш керек, “тата-пата” деп жаза бере турган адам эмес” деди эле бириси, ындыным өчтү. Бирок, жазгым келет десең…
Эсенбай Нурушев өзү жөнүндө жаздырууга муктаж болбогону менен, “окубасам дагы оюмду айтайын” дегендей, жазууга мен муктаж болуп отурам. Жүзүнөн нур тамып, жанары жанган 75 жаштын кырында турган Эсенбай Нурушевдин муюп аккан дайрадай бир сырдуулугуна, акылга карк нарктуулугуна суктанып, андан-мындан укканымды чүргөп, бир макала жазгым келди. Ооба, өзүмдүн деңгээлимде. Бул дагы болсо улуу инсандын шарапаты менен тарыхта калуунун бир амалы. Эсенбай акенин балалыгы Ноокен (мурдагы Ленин) районунун Ноокен айылында өткөнүн көпчүлүк биле бербесе керек. Эң кызыгы жаш чагынан ыр жазчу экен. Чыгармачыл ышкысын байкаган адамдар мектепти аяктары менен райондук гезитке ишке чакырыптыр. Ал жерден аскерге аттанып, эки жылдан кийин өзү иштеген редакцияда ишин улантыптыр. 1974-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинде журналистика факультети ачылганда алгачкы студенти болгон экен. Өзү айтмакчы кичине жашы өтүп кеткенде окууга кириптир. Университетте 4-курста окуп жатканда ошол учурдагы жаштардын гезити болгон “Ленинчил жаш” басылмасынын легендарлуу башкы редактору Калыбай Осмоналиев өзү чакырып, редакцияга ишке алып, арадан жарым жыл өткөндөн кийин, өлкөдөгү №1 гезит болгон “Советтик Кыргызстан” гезитинде иштей баштайт.
Албетте, анын иш билгилигин эске алып кызматка чакырышат. Анда адегенде жөнөкөй кызматкер, бөлүм башчы, анан редактордун орун басары болуп жалпы жонунан 1985-жылдан 1991-жылга чейин иштегенин эскерген жайы бар. Ал журналистика тармагында иштөө менен бирге коомдун күрөө тамырын кармай билген кесипкөйлүгү аркылуу өзүнүн бийик мунарасын куруп алыптыр. Эгерде анын өмүр таржымалын камтыган жалпыга маалымдоо каражаттарындагы, социалдык түйүндөрдөгү макалаларга саресеп сала турган болсок, Эсенбай акенин ар тараптуулугу, чыгармачыл диапазонунун кеңдиги, кандай гана тема болбосун кемелине келтире чечмелеп бериши таң калтырбай койбойт. Андан ары үңүлө кирсең, Нурушевология менен ооруп каларың бештен белгилүү.
Себеби, Эсенбай акенин ар бир айткан сөзү, аныктамасы өзүнчө илимге тете болуп бараткандай сезилди мага. Академик Абдыганы Эркебаев, Эсенбай акени чыгаан калемгер, сөзмөр жана илимпоз десе, белгилүү тарыхчы аалым Тынчтыкбек Чоротегин жүрөгүнө аалам баткан ойчул деп бекеринен атабагандыр. Нурушевдик көз караш кылчактабаган түздүгү менен таң калтырат. Анын позициясы ынанымдуу, кынтыксыз. Ошону менен бирге бийлик, байлыкка умтулбай калыбынан жазбай келген жупунулугу адамзат үчүн миң сабак. Академик Абдыганы Эркебаевдин, “Кызматты эмес, калемди тандаган жол” аталышындагы досунун мааракелик жылына карата жазган макаласында, “Мени дайыма ойлондурган, жаран катары түйшөлткөн маселе – Эсенбайдын эч бир кызматка барбаганы, коомдук-саясий турмушка аралашпаганы. Ал бар күчүн, керек болсо бүтүндөй ички дүйнөсүн өзү сүйгөн ишке – журналистика менен илимге арнады. Ушул тармактарда кыргыз жана орус тилдеринде жүздөгөн макала, маек жарыялады. Алардын тематикасы, диапазону жана камтыган маселелеринин чөйрөсү өтө кең: тарых, маданият, тил, фольклор, адабият, чыгармачыл инсандар. Дегеле ал өз оюнан кайтпаган, жарандык позициясы бекем инсан. Анын көп китеп чыгарбаганынын, коомдук-саясий иштерге жигердүү катышпагандыгынын, ар кандай кызматка, наамга, сыйлыкка кызыкпагандыгынын (андан сырткары эч кандай мамлекеттик наамы же сыйлыгы жок) себебин мен анын сыпаакерлигинен, жупунулугунан жана мансапка умтулбаган мүнөзүнөн көрөм. Муну туура түшүнөм жана сыйлайм. Бул – акылмандыктын, ички маданияттын белгиси…” деп өзүнүн калыс пикирин билдирген.
Ал эми Тынчтыкбек Чоротегин “Жүрөгүнө аалам баткан ойчул 70те” деген макаласында, “Эсенбай агай кыргыз, орус, англис, казак, өзбек тилдериндеги адабиятты өз алдынча чагып окуп, бай китепканасынан тышкары, онлайн ресурстарды мыкты өздөштүргөн, талбай изденген адис. Анын чыгармачылыгында, публицисттик эмгектеринде бир өзгөчөлүк бар: ал кыргыздын далай окумуштуу деп өзүн атаган калемгерлери өмүрү уга элек илимий терминдерди латын, грек тилдериндеги түшүндүрмөлөрү менен бирге сунуштап, аларды ичинен уялууга аргасыз кылып турат. Ойготуу деген эле нерсе – ушул да… Аны журналист, публицист, котормочу катары дурус билишет. Мен аны журналисттердин устаты катары гана көрүп чектелбестен, коомдук өнүгүү жолдору тууралуу философиялык жактан мазмуну терең ой-пикирлерин ырааттуу жазып келген ойчул жана коомдук ишмер катары баалайм. Эсенбай философ – бир эле учурда кыргыздын көөнө жана кийинки философиялык ой чабытын иликтеп чектелбестен, аны дүйнөлүк ой мурас менен ар дайым салыштырат. Айрым учурда кыргыз элинин кээ бир өкүлдөрүнүн түркөйлүгүн ачык жана бетке чапкандай жазат…” деп өзгөчөлүгүн баса белгилеген экен учурунда.
Эсенбай аке жөнүндө айта берсе сөз көп экен. Улуу феномен тууралуу сөз кылуу, Нурушевдин эмгегин даңазалоочу учур али алдыда. Кыргыз эл акыны Карбалас Бакиров, “Жок алар мейкин талашкан, Үйрөнсөк болот дарактан. Короодон түпсүз асманга, Кыйкырбай өсүп бараткан!..” деп жазгандай жөнөкөйлүгү, сабырдуулугу, ток пейилдүүлүгүнө табият баш болгон 75-жаз-күз деле суктанып, кылымдын кыйырындагы жылдар жакшы адамдын өтөлгөлүү өмүр сапарын улай береринен күдөр үзбөгөнү талашсыз. Эсенбай Нурушев басып өткөн жолуна адилеттүүлүктүн, калыстыктын, чынчылдыктын үрөнүн сээп, ааламга сыйгыс абройго ээ болуп үзүрүн көрүп келе жатат. Бар болуңуз, Эсенбай аке!
Шекербек Калыков