ЧЫН ДИЛДЕН ЖАСАЛГАН АК КЫЗМАТ – ӨЛКӨНҮН ӨЗГӨРҮП, ӨНҮГҮҮСҮН КАМСЫЗДАЙТ
Соңку жылдары социалдык булактардагы ар түрдүү негативдүү маалыматтарды, окуяларды байма-бай көрүп, элдин маанайы түшүп, өлкөдөгү баалуу ресурстарыбызга көңүл бурулбай, натыйжада мамлекет башында отурган атка минерлерге карата өтө суз, салкын мамилелер жаралып жатканы түшүнүктүү.
Мындай шартта биз “Жакшынын шарапаты – жамандын кесепети” деген нускалуу сөздү мисал кылып, биздин өлкөдө чындап татыктуу эмгектенген, өз кесибинин анык ээси болгон каармандарды да үлгү катары чагылдырып туруу максатын көздөйбүз.
Мамлекетке, коомго өз тармагындагы кызматы аркылуу талбай эмгек жасап жаткан улан-кыздарыбыздын демилгелүү иш-аракеттерине ар тараптан колдоо көрсөтүү учур талабы.Жасалып жаткан жакшы иштерди жарыялоо менен мындан ары да демилгелүү иштердин саны артып, улана берсе деген ак тилек.
Бүгүн биз Чүй облусундагы Ысык—Ата районуна караштуу Логвиненко айыл аймагынын башчысы Самтыров Ногойбек Жапанбековичтин айылдын тургундары үчүн жасап жаткан алгылыктуу иштери туурасында элдин көз карашын, пикирин ортого салдык.
Бактыбек Алымбеков, КРнын эл аралык университетинин эл аралык байланыштар жана юриспруденция кафедрасынын башчысы, генерал-майор, юридика илимдеринин доктору:
— Учурда эл кадр тандоо маселесине абдан көңүл буруп, өнүгүүнү, өзгөрүүнү, жаңыланууну каалап турган мезгил. Көп бийлик алмашты, көп жаман-жакшы аралашты.
Улуу инсандарыбыздын көч башында турган Исхак Раззаков айтмакчы, “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот” демекчи, элибиздин эңсеп, тилегени – кесипкөй кадрлардын катары артып, бардык тармакта алдыга жылуу болсо деген чоң көксөө турат.
Түптүү элибиздин, көрөңгөлүү журтубуздун артыкчылыгы – башыбызга канчалык адилетсиздик, оорчулук, татаалдык келсе да ар-намысыбыздан жанбай, жүрөгүбүздө ата-бабабыздан бери сакталган нарк-нусканы бекем сактап, бирдиктүү кайрат, дем-күч менен улам алдыны көздөй багыт алуудабыз. Канчалаган кыйын кезеңдер орун алса да уюткулуу адебибиз, акылмандуулугубуз, эң башкысы көктө жанган жылдыздай бийиктигибиз менен алакандай өлкө болсок да өз туубузду өйдө кармап, өз сапарыбызды улантып келебиз.
Ногойбек Самтыров аттуу биз жакшы билген, эл арасынан чыккан, бычакка сап жигитибиз туурасында айткым келет. Ата-эненин ак батасы, ыраазычылыгы менен түз чоңойгон Ногойбек азыркы тапта өтөлгөлүү иштери менен өзүнөн кийинки жаштарга өрнөк болууда. Ал айыл аймагынын башчысы болгондон бери элдин камын ойлоо менен калыс, чынчыл мүнөзүнөн тайбай, туура иштерди жасап жатканына күбө болуп отурабыз.
Биз өзүбүздүн татыктуу эмгектенген улан-кыздарыбызды, эр-азаматтарыбызды колдой алсак, ар дайым чындыкты, адилеттикти туу тутсак, эч кандай геосаясат да, эч кандай душмандар да өлкөбүзгө кол салып, көз карандылыгыбызга көлөкө түшүрө да албайт.
Коррупциялык схемалардан алыс, ак жүрөк, адилет, чынчыл, таза инсандар бар. Бүгүн биз аларга таяна алабыз.
Нуртилек Маматов, бизнес тармагынын өкүлү:
— Ногойбек жөнүндө Ысык-Ата районунда колдоого алаарлык көз караштар арбын. Бул жигит айыл аймагынын башчысы болоор менен дароо буга чейин аткарылбай келген бир катар маселелерге токтолду. Жашоочулар үчүн маанилүү болгон таза суу, жарыктандыруу, жолдорду оңдоо программасын колго алды. Азыр Ногойбекке карата тургундар ишеним менен карап, ыраазы болууда.
Иш бөлмөсүндө буйрук берип отура бербей, ар бир жашоочунун мүдөөсүн жеринен угуп, талыкпай иштеп жатканына күбө болуп отурабыз.
Иштин көзүн билген элдик азамат жигиттин мындан аркы иштерине жемиштүү жетишкендиктерди каалайм жана колдойм. Үй-бүлөсү менен ар дайым ден соолукта болуп, элдин алкышына арзып, бар болсун дегим келет.
Анарбек Орозалиев, КРнын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин отставкадагы полковниги: